250 миң сом талап кылган деген шек менен милиция кызматкери кармалды
RU

250 миң сом талап кылган деген шек менен милиция кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкери пара талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн, 12-майда таң эрте УКМКнын кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн опер кызматкерин пара талап кылган деген шек менен кармашкан.

Милиция кызматкери кылмыш ишин шектүүнүн пайдасына оң чечим чыгаруу үчүн 250 миң сом өлчөмүндө пара алган деп шектелүүдө.

Учурда милициянын имараты изделүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12199