Таркович: Кыргызстандын футболчуларына жетишерлик күчтүү командалар туш келди
RU

Таркович: Кыргызстандын футболчуларына жетишерлик күчтүү командалар туш келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Азия кубогунун-2024 финалдык бөлүгүнө чүчү кулак тартуунун жыйынтыгы боюнча оюн билдирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы кабарлады.

Башкы машыктыруучу улуттук команданын атаандаштары жетишерлик деңгээлде абдан күчтүү экенин белгиледи.

"Биринчи кезекте чүчү кулак тартуу аземи укмуштуудай өттү деп айта алам жана бул салтанатка катышканыма кубанычтамын. Биз "F" тайпасындабыз, биздин атаандаштар жетишерлик деңгээлде абдан күчтүү командалар. Сауд Аравиясы - буга чейинки Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу, алар тайпадагы эң күчтүү команда деп эсептейм. Таиланд менен Оман да бир топ күчтүү атаандаштар десек болот", - деген ал.

Таркович алдыда кураманы мыкты деңгээлде даярдоо милдети турганын кошумчалады.

"Мындан ары биз үчүн эң башкы милдет - команданы бул турнирге даярдоо. Албетте, мен ийгиликке, биздин жеңишке, максатыбызга жетерибизге ишенем. Бирге алга!", - деди башкы машыктыруучу.

Эскерте кетсек, 11-майда Доха шаарында Азия кубогу-2024 турнирине чүчү кулак тартуу аземи өтүп, анда Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болгон.

Кыргызстандын футболчулары Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүндө Сауд Арабиясы, Оман жана Таиланд менен бир тайпада ойнойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12202