Байсалов Министрлер кабинети педофилдерди өлүм жазасына тартууга каршы
RU

Байсалов Министрлер кабинети педофилдерди өлүм жазасына тартууга каршы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter аркылуу "Элдик" депутаттык тобунун мүчөлөрүнүн педофилдерге өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгесине карата өз оюн жазды.

"Өлүм жазасын алып салуу - бул жалпы элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма. Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт", - деп жазган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Белгилей кетсек, Конституциялык сот Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобунун "КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча сунушун кароого кабыл алган.

Депутаттар тобу Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жана жашы жете элек балдардын жыныстык коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12204