Ошто жашыруун казино табылды
3212
Ош шаарында мыйзамсыз кумар оюндары үчүн мекеме аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-апрелинде күч органдары мыйзамсыз иштеп жаткан кумар оюндарын ойноочу жайды тинтүү учурунда 327 миң сом жана 16 персоналдык компьютер табылган.
slide 2 of 4
Аталган мекеменин жетекчиси, КР жараны Ж.А.дан 597,2 миң сом, 4800 доллар, 4000 рубль жана төрт системалык бирдик табылган.
Уруксатсыз иштеп жаткан оюн-зоок жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/12216