Президент кандай адамдарга мамлекеттик кызмат берерин айтты
RU

Президент кандай адамдарга мамлекеттик кызмат берерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Өлкө башчыга талапкерлердин бири суроо узатып, камакта жаткан талапкерлер бар экенин, алар жолугушууга келбегенин, бул алардын укугун бузуу эмеспи деп кызыкты.

Президент камакта жаткан адам мындай чогулуштарга катыша албай турганын, үгүт иштерин жүргүзө албай турганын айтты.

"Камакта жаткан адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана чечет. Сиз экөөбүз чече албайбыз. Шайлоодон өтүп кетсе, анда кылмышына карабай абактан чыгарууга туура келет. Бирок кылмыш кылганы үчүн жатат да, жөн эле көчөдөн алып барып камаган жок. "Төңкөрүш кылабыз, башка кылабыз" деп акча таратып жатат. Өлкөдө тартип деген болуш керек да. Мындан ары тартипти мыйзамдын чегинде талап кылабыз.

Талапкер болууга мүмкүнчүлүк берүүнүн өзү өтө чоң жетишкендик. Бербей койсом эмне кылат элеңер?

Шайлдабекованы чаап алмак белеңер? Түрмөдөн чыгып президент болгондон кийин Шайлдабекованы мындан ары да ишиңизди улантыңыз деп отургузуп койдум. Ишин жакшы аткарган, жакшы уюштурган адам экен. Эмнеге душман болушум керек буга?

Мамлекеттин ишин алдыга сүйрөй алган киши башка планетадан келсе да, душман болсо да мен кызмат берем.

Анткени, мага мамлекеттин ишин алдыга жылдыра турган кадр керек. Бизде кадр жетишсиз. Издеп, сыйпалап жүрүп таппайсың айрым министрликтерге. Четинен пара алып кетип жатышат, ордуна коёюн, ушул тармакты ким тарта алат деп издеп калат экенсиң. Менин убагымда мурдагыдай 100 миң доллар берсең 5 жылга министр болосуң деген нерсе болбойт. 100 тыйындын кереги жок, бизге мамлекеттин ишин алдыга жылдыра турган киши керек", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12220