Нарын университетинин мугалими УКМК кызматкерине 4000 доллар пара берип кармалды
RU

Нарын университетинин мугалими УКМК кызматкерине 4000 доллар пара берип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору УКМКнын кызматкерине 4000 доллар өлчөмүндө пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Б.М.А. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, студенттерди кабыл алуу, которуу жана калыбына келтирүү, чет өлкөлүк студенттерге жогорку билими тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү белгилери аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Б.М.А. кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн УКМКнын ыкчам кызматкерине акчалай сыйлык сунуштаган.

"Б.М.А. УКМКнын кызматкери менен кылмыш ишин токтотуу боюнча сүйлөшүп жатканда бөлмөдө университеттин проректору А.Ж. да болгон, ал мурда чет элдик абитуриенттердин ЖОЖго кабыл алынуусу жана андан ары билим алуусу боюнча мыйзам бузуу ишин токтотууга аракет кылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12228