Үгүт иштерине аралашкан. Ленин акимиатынын кызматкери иштен алынды
RU

Үгүт иштерине аралашкан. Ленин акимиатынын кызматкери иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ленин райондук акимиатынын кызматкери үгүт өнөктүгүнө аралашкан делинип кызматтан алынды. Бул туурасында Ленин райондук администрациядан билдиришти.

Учурда Бишкек шаарынын Ленин районунда бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленип, ага карата үгүт иштери жүргүзүлүүдө. Үгүт иштери жүргүзүлүп жаткан учурда Ленин районунун акимчилигинин бир кызматкери талапкерлердин биринин үгүт материалдарын социалдык желелерде ачык эле жайылткан. Ушундан улам ал ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Буга чейин шайлоону таза жана мыйзамдуулук жагынан башка шайлоолорго үлгү болчудай өткөрүп алуу, ошону менен бирге муниципалитеттин башчылары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоо өнөктүгүнө, анын үгүт иштерине кийлигишүүсүнө жол бербөө жөнүндө эскертүүлөр айтылып жаткан.

Белгилесек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде (кошуп алганда) аяктады. Ал эми Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12246