Мамлекет акырындык менен желимден баш тартып, кагазга өтөт
RU

Мамлекет акырындык менен желимден баш тартып, кагазга өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу "ИФА" заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасына ылайык, айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирген желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү Министрлер кабинети этап-этабы менен жүрүзөрүн билдирди.

"Экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарды чыгарган ишканаларга мамлекет ар тараптуу артыкчылык берет. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы. Ысык-Көлдөгү абалды мисал катары колдонуу менен өлкөнүн бардык аймактарында желимден кагазга өтүүнү планга койгон", - деди Бакыт Төрөбаев.

Санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу "ИФА" ишканасы суткасына 25 тонна продукция өндүрөт. Импорттук продукция менен атаандашууга мүмкүндүк берүүчү жогорку сапаттагы кагаз базасын чыгарган ишкана макулатуранын 70%ын Россия Федерациясынан алып келет. Бир жылдык сатып алууларынын суммасы болжол менен 1 млн долларга жакын.

Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 3 млн 200 миң доллар болсо, анын 2 млн 691 миң долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12247