Айгүл Жапарованын колдоосу менен классикалык музыкалык концерт өттү
RU

Айгүл Жапарованын колдоосу менен классикалык музыкалык концерт өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөн "Виват, рояль!"гала-концерттин салтанаттуу ачылышына биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.

Айгүл Жапарова бул концертке даярдануу алкагында өлкөдөгү музыкалык маданияттын абалы менен жакындан таанышууга жетишкенин белгиледи.

"Биздин музыканттар Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ болгон, чоң таланты бар, жогорку деңгээлдеги профессионалдар экенин баамдоо мени кубандырат. Алар оркестрлерде ойноп, мугалимдик ишмердүүлүк менен алектенип, берген концерттери ийгилик менен коштолот", - деди ал.

Биринчи айым ошондой эле кыргыз элинин бай маданий жана музыкалык мурасы бар экенин жана биздин милдет - аны сактоо жана көбөйтүү экенин баса белгиледи.

"Классикалык музыка концерттерибиз ичи толо залдарда өтүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратып жатканы менен сыймыктансак болот. Классикалык музыка искусствосу менен таанышуу, билим алуу мына ушундайча жүрүп жатат", - деп Айгүл Жапарова белгиледи.

Сөзүнүн аягында балдарын искусствого кызыктырууга аракет кылып жаткан музыка мугалимдерине жана ата-энелерге ыраазычылык билдирди.

Концертке атайын конок катары Россиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясынын профессору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, РФнын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Вера Носина катышты.

Иш-чара Айгүл Жапарованын колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле П.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби тарабынан уюштурулган. Максаты - фортепиано искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12249