Токмокто изделип жаткан 7 жашар бала сууга чөгүп кеткен
RU

Токмокто изделип жаткан 7 жашар бала сууга чөгүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмокто дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы баланын сөөгү табылды. Ал сууга чөгүп кеткенин Коомдук коопсуздук кызматы кабарлады.

Окуучу 12-майда саат 17:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Аны издөө иштерине жергиликтүү тургундар, милиция жана куткаруучулар тартылган.

Бүгүн, 14-майда эртең менен баланын жансыз денеси Чүй суусунан табылды. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12252