"Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө жардам берет
"Альянс Алтын" компаниясы менен КРнын Улуттук илимдер академиясы 13-майда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
"Альянс Алтын" - Кыргызстанда өзү мындай келишим түзүүнү сунуштаган алгачкы өнөр жай ишканаларынын бири. Улуттук илимдер академиясы үчүн алгылыктуу иш алып барган ишкана, уюмдар менен түзүлгөн мындай келишимдер маанилүү. Бул ишкана Кыргызстанда алтын өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Өлкөдө илимдин өнүгүүсүнүн маанисин жакшы түшүнөт жана биз мындай ишкерлерге көптөн бери муктажбыз. "Альянс Алтын" менен түзүлгөн келишим биргелешип өнүгүүгө жардам берет деп ишенебиз", - деди Канат Абдрахматов.
Компаниянын башкы директору Сабир Рахматов өз сөзүндө Улуттук илимдер академиясы менен иштешүү экологиялык таза чөйрөнү түзүү, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү жаатында маанилүү экендигин баса белгиледи.
"Биз Улуттук илимдер академиясы менен кызматташууда абдан кубанычтабыз. Бул биз үчүн актуалдуу жана замандын талабына жооп берет. Анткени, илимдин өнүгүшү негизинен экономикалык ишмердүүлүктү жана калктын жашоо деңгээлин аныктайт. Академия менен биздин алдыбызда көптөгөн долбоорлор бар – алар жергиликтүү долбоорлордон тартып стратегиялык маанилүүлөргө чейин. Бул меморандумга кол коюу биздин мындан аркы биргелешкен жемиштүү ишибизге түрткү берет деп ишенем", - деди ал.
Ошондой эле компаниянын жетекчилигине буга чейин Улуттук илимдер академиясынан анын ишин жакшыртууга жана КРнын илимин өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган жабдууларды сатып алууга демөөрчүлүк жардамга байланыштуу кайрылуу келген. Келген кайрылуу кароосуз калтырган жок жана ушул айдын аягына чейин жардам берүү пландалып жатканын билдирди Сабир Рахматов.