Нурзат Токтосунова: Алып баруучулук менин акча табуу жолум болчу
RU

Нурзат Токтосунова: Алып баруучулук менин акча табуу жолум болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу Kaktus.kg сайтына маек курду. Ал учурда алып баруучулуктан психологияга, окутууга ыктаганын, бул иш жагып жатканын айтты.

Алып баруучулук акча табуу жолум болчу деген Нурзат Токтосунова адам бир орунда турбай, өсүш керек деген пикирде.

"Адам жол тандайт экен. Жоолук салынсам иш-чараларды көп алып барбай каларымды билгем. Алып баруучулук - жаштыкты, сулуулукту талап кылат. Азыр кээде иш-чараларды алып барам, бирок мурдагыдай эмес. Азыр чектелдим, аны башында эле түшүнгөм. Кудай мага башка жактан акча табууга мүмкүнчүлүк берди. Тагыраагы, психология адистиги боюнча магистрдик билим алдым. Алдыда 40 жаш, өсүш керек го дейм. Дайыма эле бир нерсени кылып жүрө берген болбойт. Адам аң-сезимине, жаш курагына, оюна жана жашоодогу көз карашына жараша сөзсүз өзгөрүшү керек деп ойлойм. Ар дайым жаш, сулуу бойдон жүрө бербейсиң. Менимче сахнада жаштар болушу керек. Азыр менин окуучуларым мамлекеттик иш-чараларды алып барып жатышат, бул үчүн чексиз кубанычтамын", - дейт ал.

Психология жаатында билим алып, кыз-келиндерге кеп-кеңештерин берип калуусуна эмне себеп болгонун мындайча түшүндүрдү.

"2012-жылы "Нур академиясын" ачып жатканда алып баруучуларды эле даярдайм деп ойлогом. Карасам бала чагындагы комплекстери барлар көп экен. Эми биз идеалдуу үй-бүлөдө чоңойбойт экенбиз да. Ошентип академиябыз жан дүйнө мектебине айланып кетти. Ошентип психологиялык жардам керек экенин көрүп, билдим. Бир учурда өзүмдүн жеке жашоомдо да кыйынчылыктар болду. Мунун баары биригип психологияны окууга түрттү", - деди.

Нурзат айым айтылган сын-пикирлерди электен кантип өткөрөрүн, катуу айткан, катуу тийген адамдарга да бакыт каалап коёрун билдирди. Айтымында, сыйлаган гана адамдарынын пикирлерин угат.

"Мага кандай гана сөз жазбасын, мен аларга бакыт каалайм. Өзүнүн үстүнөн иштеп, башкаларга убактысы калбай калышын каалайм. Анткени өмүрүңдүн бир канча бөлүгү элдин жашоосу менен өтүп кетет экен.

А эгер, мен айтылган сындарга көңүл буруп ыйлап жүрсөм, ар бир үргөн итке кайрылып жооп кайтарсам Нурзат Токтосунова болбой калмакмын.

Ушундай күндөр болду, азыр деле УТРКга кирсең айрым адамдардын көзү чыгып кетчүдөй. Эфирге айласы жок чакырып, режиссёр микрофонду атайын өчүрүп коюп "иштебей" жатат деген учурлар. Баарын билем, бирок сыр бербей жылмайып гана отурчумун. Ушундай көп бут тосуулар болду, ошондой учурда алып баруучу кесиптештерим колдогон. Ошондой адамдардын колдоосу менен эфирден түшпөдүм. Ийгиликке жеткиң келсе өзүңдү жакшыртуунун үстүндө иштешиң керек", - деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12270