Кыргызстандын Бонн шаарындагы элчилик бөлүмү жабылат
RU

Кыргызстандын Бонн шаарындагы элчилик бөлүмү жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги 1-июндан тартып Кыргыз Республикасынын элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмүн жабуу чечимин кабыл алды. Мындай аракет Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатын көздөйт дешет мекемеден.

Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмү 1-майдан тартып жарандарды кабыл алууну жана документтерди тариздөөнү токтотту.

Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо, документтештирүү жана башка суроолор боюнча Франкфурт-на-Майне шаарындагы консулдук агенттигине же Берлиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинин консулдук бөлүмүнө кайрылса болот дешет тышкы саясий ведомстводон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12271