Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм реанимациядан табылган. Ал каза болду
RU

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм реанимациядан табылган. Ал каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм бала оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болду. Аны унаа сүзүп, комага түшкөнүн, 16-майга караган түнү каза болгонун Ассоль Молдокматова Facebook баракчасына жазды.

Айтымында, Ал ДЦП менен жабыркачу. Бир сутка изделген, андан кийин жандандыруу бөлүмүнөн табылган.

Коомдук коопсуздук кызматынан да өспүрүмдүн каза тапканын ырасташты.

Белгилесек, 15 жаштагы Талгат 12-майда дайынсыз болуп изделип, 13-майда табылган.

Kaktus.kg сайты Талгаттын дүйнө салганына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12286