Бир жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан окуучуну издөө иштери кайра жанданды
RU

Бир жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан окуучуну издөө иштери кайра жанданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 1,5 айдан бери табылбай жаткан окуучуну издөө иштери кайра жанданды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 31-мартта 14 жаштагы М.Ф. дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен. Натыйжа болбогондуктан туугандарынын өтүнүчү менен издөө иши убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 16-майда өспүрүмдү издөө кайра башталды. Окуучунун жакындары издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүү суранычы менен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, тиешелүү иштерди алып барышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12289