Милициянын капитаны, майору жана тергөөчү кылмыштуу схеманы уюштурганга шектелди
УКМК тарабынан Өзгөн РИИБдин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн кылмыштуу топ аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, аталган эки аймактык бөлүмдүн айрым кызматкерлери карапайым жарандардан узак убакыт бою "опузалап талап кылуу" схемасын уюштурушкан.
Өзгөн РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү А.Н.Б., Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери милициянын майору Ж.Т.К. жана милициянын капитаны М.С.Ж. 2023-жылдын 30-апрелинде кармалгандарга карата жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары, камакка алуу жана суракка алуу түрүндөгү иш-чараларды өткөрүп, маселени оң тарапка чечип берүү үчүн үч жарандан 250 миң сом алышкан.
Мындан сырткары жасалган кылмыштын далилин жашыруу максатында 4-майда мыйзамсыз кармоо жана жасалма иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учуру жазылган жарандык объектиден көзөмөл камерасынын бекитилген диски табылган.
Жогоруда аталган милиция кызматкерлери кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын №25 тергөө абагына камакка алынды.