Айзаданын өлүмү. ИИББ, РИИБ, ШИИББнин жетекчилери кызматтан алынды.
RU

Айзаданын өлүмү. ИИББ, РИИБ, ШИИББнин жетекчилери кызматтан алынды.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уурдалган андан кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын ишине байланыштуу иликтөө жүрүп, анын жыйынтыгында 44 милиция кызматынын бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилип, ага ылайык 2021-жылдын 9-апрелинде ИИМдин буйругу жарык көрдү.

Ага ылайык, Бишкек ШИИББнин жетекчиси, милициянын полковниги Б. Матмусаев, Бишкек ШИИББнин жетекчиси, коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Э. Атантаев, Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Н.Утемисов, Биринчи Май РИИБнин жетекчиси, милициянын полковниги А.Казакеев, Биринчи Май РИИБнин жетекчиси ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги И. Базаркулов, Биринчи Май РИИБнин жетекчиси сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги К. Суранчиев, Биринчи Май РИИБнин жетекчисиинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги А. Озубеков, Биринчи Май РИИБнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын улук лейтенанты Б.Абдиллаев, Биринчи Май РИИБнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын майору Ж.Тукешов жана Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У.Арыкбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

ИИМдин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ), Биринчи май РИИБнүн жана Чүй облустук ОИИБнин бир нече кызматкерлерине "кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү", "катуу сөгүш" берилди.

Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазаланды.

  • 5-апрелде 07:30, 26-жашар Айзада Канатбекованы Бишкектен, Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдашкан. Ала качуу учуру видеого тартылып калган. Болжол менен ала качууга үч адам катышкан.
  • 5-апрелде, саат 12:00ден кийин Айзаданын апасы милицияга кайрылган.
  • 6-апрелде Айзаданын туугандары ММКларга кайрылып жардам сурашкан.
  • 7-апрелде малчы изделип жаткан Айзаданы жана Замрдин сөөктөрүн талаада, ылайга тыгылып калган унаанын ичинен тапкан.
  • 8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында Айзданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1231