Айдоочулардын эсине! "Төө-Ашуудагы" туннелге маал-маалы менен чектөө кирет
RU

Айдоочулардын эсине! "Төө-Ашуудагы" туннелге маал-маалы менен чектөө кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Төө-Ашуудагы" туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашкандай, мындай чектөө туннелдин электр чубалгыларын алмаштырып, дубалдарын актап, сырдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

19-майдан тарта аталган туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00гө чейин, 10:00дон 12:00гө чейин, 14:00дон 16:00гө чейин жол жабык болот.

Аталган аймактагы жол коопсуздугун кайгуул инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12321