Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы менен жолугушуп, аны Кыргызстанга чакырды
RU

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы менен жолугушуп, аны Кыргызстанга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында Си Цзиньпин менен жолугушту.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган "Кытай – Борбор Азия" саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Кытай Төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи. Буга чейинки жолугушууларын, анын жыйынтыгында маанилүү макулдашууларга жетишилип, эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү долбоорлору ырааттуу ишке ашырылып жатканын эске салды.

Си Цзиньпин ишке ашырылып жаткан долбоорлор кытай-кыргыз өз ара байланыштарынын бүтүндөй комплексине кубаттуу импульс берет деген ишенимин билдирди. Ошону менен бирге Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан социалдык-экономикалык бийик натыйжаларга жетишип жатканын баса белгилеп, кыргыз эли Жапаровду жогору баалап жатканына токтолду.

Баарлашуунун жүрүшүндө ал ошондой эле биргелешкен кызматташуунун негизги багыттарын - өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, соода-экономикалык кызматташтык программаларын ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, укук коргоо органдары аркылуу тажрыйба алмашууларды бекемдөө, салттуу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу, гидроэнергетика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.

Кытайдын төрагасы ошондой эле айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айтты.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Си Цзиньпинге Кытайга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө жана "Борбор Азия – Кытай" саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет", - деп белгиледи мамлекет башчы.

Жапаров кыргыз тараптын соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Учурдан пайдаланып Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12322