Байгеси 1 млн сом. Бишкекте хор коллективдери арасында сынак өтөт
RU

Байгеси 1 млн сом. Бишкекте хор коллективдери арасында сынак өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз ССРнин эл артисти, биринчи хормейстер Султан Юсуповдун 105 жылдыгына карата студенттик хор коллективдери арасында II республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт. Улуттук маданий борбор уюштуруп жаткан сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Аталган борбордон билдиришкендей, сынак Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тапшырмасына ылайык өткөрүлөт.

Иш-чарага өлкөнүн жети облус, 2 шаарынан 600гө чукул адам (12 хор коллективи) катышат.

Кароо-сынактын тандоо туру 23-май күнү саат 11:00дө Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда өткөрүлөт. Ал эми сыйлоо аземи 24-май күнү саат 18:00дө Тарых музейинин алдында болуп, гала-концерт менен коштолот.

Фестивалга катышкан баардык хор топтору Бишкек шаарынын конокторуна жана тургундарына концерттик программа тартуулашат. Анда кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармалары аткарылат.

Максаты:

  • президенттин 2021-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү" №1 жарлыгын иш жүзүнө ашыруу;
  • катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн хор аткаруусу жөнүндө түшүнүгүн кеңейтүү;
  • хор дирижёрлорунун кесиптик баарлашуусу, тажрыйба жана репертуар алмашуу аянтчасын түзүү;
  • чыгармачыл тажрыйба алмашуу жана аткаруучулук чеберчилигин өркүндөтүү;
  • хор кыймылын кеңейтүү үчүн кароо-сынак фестивалынын катышуучулары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда расмий эмес баарлашуунун атмосферасын түзүү;
  • коомчулуктун хор искусствосуна болгон кызыгуусун арттыруу;
  • элдик чыгармачылыкты, аткаруу чеберчиликти, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12325