УКМК "Каракол" аэропортунун жетекчилигине иш козгоду
RU

УКМК "Каракол" аэропортунун жетекчилигине иш козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан "Каракол" аэропортунун жетекчилигине карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, кызматкерлер аэропорттун атайын техникаларын жана жабдууларын баалуу металлдарды чыгаргандарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган.

Мунун негизинде 210-берене (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен иш козголгон.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган, кийин ал тиешелүү профилдеги экспертизанын корутундусу менен тастыкталган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12327