Байматов кайра келди. Таркович улуттук курамага чакырылган футболчулардын тизмесин чыгарды
RU

Байматов кайра келди. Таркович улуттук курамага чакырылган футболчулардын тизмесин чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 1-июндан 9-июнга чейин Бишкекте машыгууларды өткөрөт.

Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, кураманын жаңы башкы машыктыруучу Стефан Таркович бул машыгууга келе турчу футболчулардын атын атады. Алардын арасында бир нече жылдан бери улуттук курама командада ойнобогон кураманын экс-капитаны Азамат Байматов баш болгон футболчулардын ысымдары бар.

Ошондой эле машыгуу жыйынына Антон Коченков, Николай Давыдов, Мерк Кей, Жоэль Кожо жана башкалар чакырылган.

Белгиленгендей, окуу-машыгуу жыйыны CAFA Nations Cup 2023 турнирине даярдыктын алкагында өтөт. Кыргызстан В тайпасында ойнойт, оюндар Бишкекте 10-июндан 16-июнга чейин өтөт.

Машыктыруучулар штабы 33 оюнчудан турган кеңейтилген тизмени жарыялады:

Дарбазачылар:

  • Токотаев Эржан ("Каспий", Казакстан).
  • Коченков Антон (Арсенал Тула, Россия).
  • Чомоев Султан ("Дордой").
  • Прядкин Артем ("Дордой").

Коргоочулар:

  • Кичин Валерий (Енисей, Россия).
  • Браузман Христиан ("Абдыш-Ата").
  • Акматов Айзар ("Абдыш-Ата").
  • Мищенко Александр ("Дордой").
  • Жыргалбек уулу Кайрат ("Аксу", Казакстан).
  • Козубаев Тамирлан (Чыгыш, Гонконг).
  • Сагынбаев Бекжан (Китчи, Гонконг).
  • Байматов Азамат ("Алга").
  • Мамыралиев Сүйүнтбек ("Дордой").
  • Ызаков Кайрат ("Абдыш-Ата").

Жарым коргоочулар:

  • Атабаев Эрбол (Динамо Россия).
  • Абдурахманов Одилжон (Мактаарал, Казакстан).
  • Рустамов Турсунали ("Дордой").
  • Давыдов Николай (Исманинг, Германия).
  • Алыкулов Гулжигит (клубу жок).
  • Узденов Магамед ("Алга").
  • Жалилов Рауль ("Алга").
  • Жумашев Атай ("Абдыш-Ата").
  • Мерк Кай (Союз-Титус-Петанж, Люксембург).
  • Дүйшөбеков Бактияр (Мурас Юнайтед).
  • Мусабеков Фархат ("Абдыш-Ата").
  • Азаров Азим ("Абдыш-Ата").

Чабуулчулар:

  • Молдожунусов Эльдар ("Нефтчи").
  • Джоэл Кожо ("Динамо Самарканд", Өзбекстан).
  • Батырканов Эрнист (Келантан Юнайтед, Малайзия).
  • Мурзаев Мирлан (клуб жок).
  • Алмазбек Бекназ (Галатасарай, Түркия).
  • Землянухин Антон ("Алга").
  • Алыгулов Максат ("Абдыш-Ата").
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12330