Ноокен районунда төрөт үйү курулду (фото)
RU

Ноокен районунда төрөт үйү курулду (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокен районунда 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 57 миллион сомго 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушу башталган.

Ага бөлүнгөн каражаттар:

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 26 млн сом каржыланган;
  • Кочкор-Ата шаарынын бюджетинен 37 млн ​​сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө курулуш иши бүтүп, пайдаланууга берилди. Төрөт үйү Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков, Бүргөндү, Достук айыл аймактарынын тургундарын тейлейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12332