УКМК чет элдиктерге жасалма диплом сатуу каналын аныктады
RU

УКМК чет элдиктерге жасалма диплом сатуу каналын аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларды бүтүргөндүгү тууралуу дипломдорду жасалмалоону жана чет элдиктерге сатууну уюштурган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК кызматкерине 1000 доллар өлчөмүндө пара бергендиги үчүн чет элдик жаран М.А.кармалды. Кылмыш ишинин алкагында ал Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүргөнү тууралуу жасалма дипломдорду иш жүзүндө окубаган чет элдик жарандарга сатуу, ошондой эле башка өлкөлөрдө билимин тастыктаган документтерди жасалмалоо каналын уюштурганы аныкталган. Бул документтердин негизинде чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын жогорку окуу жайларына билим алуу үчүн которулган.

М.А.нын жашаган жеринен тинтүү учурунда 610 миң сом жана 31 миң доллар, ошондой эле Кыргызстандын ЖОЖдорунун дипломдору, жасалмалоо белгилери бар башка документтер алынган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12335