Кыргыз аялдарына арнайм! Кыргызстандык Кадыр Сайдылкан Эверестти багындырды
RU

Кыргыз аялдарына арнайм! Кыргызстандык Кадыр Сайдылкан Эверестти багындырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Кадыр Сайдылкан дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырды. Анын чокудан түшкөн сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады.

Сайдылкан Эверестке Кыргызстандын желеги, ак калпак жана "Манас" эпосу менен бирге чыккан.

"Бул Эверест тоосундай эмгегимди, менин төрөп, өстүрүп, чоңойтуп, тарбиялап, азыр да бассам турсам батасын берип, төрүмдүн көркү болуп отурган, менин баа жеткис байлыгым, мен Эверестке чыгууга аракеттенип жатканда, 10- майда туулган күнү болуп, 91 жашка келген Апакеме арнадым !!!Апакемден кийин эки кызым Нурайка, Алия , кыздарымдын апасы Айгеримге, бир тууган эжелерим Жумакан, Айнагүл, Чолпон, Гүлжан жана жалпы Кыргыздын асылзат аялдарына арнадым !Кыргыз айымы эч качан кор болбосун, зордолбосун, уурдалбасын, сый урмат, сүйүү, бакытка бөлөнүп жашасын деп чокудан тилек кылдым !Чокуда айтам деген Манасым айтылбады, Кыргыз Элиме айтам деген сөздөрүм айтылбады, тартам деген сүрөт, тасмаларым тартылбады !Себеби аба ырайы абдан катаал болуп, киши учурчудай, кабаттап кийген кийимге карабай сөөктөн өткөн суук жолтоо болду !", - деп жазган альпинист.

Эске салсак, кыргызстандыктардан биринчи болуп Эверестке альпинист Дмитрий Греков барган – ал чокуга 1997-жылдын 20-майында чыккан. Экинчиси, КР Альпинизм федерациясынын азыркы президенти Эдуард Кубатов болду - ал Эверестке 2021-жылдын 23-майында чыккан. Ал эми 2023-жылдын 18-майында Кадыр Сайдылкан Эверестти багындырды. Дүйнөдөгү эң чоң чокунун бийиктиги 8848 метр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12342