Лукашенко Шакиевге: Силер биздин айыбыздан санкцияга туш болушуңуздарды каалабайбыз
RU

Лукашенко Шакиевге: Силер биздин айыбыздан санкцияга туш болушуңуздарды каалабайбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарында Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын алкагында өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Александр Лукашенко Парламенттик ассамблеянын ишин жакшыртуу боюнча өз сунуштары менен бөлүштү. Ал коргоо жана коопсуздук тармагындагы моделдик мыйзамдарды иштеп чыгууга токтолду.

"Муну менен катар Александр Лукашенко Парламенттик ассамблея миссиясынын уюмга мүчө мамлекеттерде өтүп жаткан шайлоо кампанияларына байкоочу катары катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо зарылдыгын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Бул окуяны Беларустун маалымат каражаттары да чагылдырган. "Белта" агенттигинин маалыматына караганда, Беларусь президенти Владимир Путин менен санкциялар маселесин көп талкуулай турганын белгиледи.

"Бизге каршы киргизилген санкциялардан улам биз менен кызматташканыңар үчүн силер да чектөөлөргө кабылып калууңарды каалабайбыз. Бизге мунун такыр кереги жок. Бирок мен бизди бөлүп-жарууга болгон аракеттер биримдигибизге таасир этпейт деген чоң үмүтүм бар. Эң башкысы – экономика. Эң негизгиси – рынок", - деди Лукашенко.

Беларусь президенти постсоветтик мейкиндиктеги бир катар өлкөлөр ар кандай көйгөйлөргө жана кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдирди.

"Биз кандайдыр бир жолдорду таап, көйгөйлөрдү талкуулайбыз. Кээде биз постсоветтик мейкиндиктин тигил же бул чекитинде кырдаалды кандайдыр бир жол менен тынчтандыруу үчүн олуттуу иш-аракеттерди жасап келдик. Бул абдан баалуу. Алар бизди бөлүп-жарууга аракет кылып жатышат. Мен тажрыйбалуу адам катары айткым келет: этияттык менен ызы-чуу жок, бул айла-амалдарга алданбаңыздар! Эң башкысы кайсы жерде сиз үчүн жакшы, кандай шарт сиздин эл, мамлекет үчүн жакшы экенине өзгөчө маани беришиңиз керек", - деди Лукашенко.

Ал мисал келтирип, Тажикстанга өзүнүн сапаттуу жашылча-жемиштерин сатуу пайдалуу болсо, биз ал ишти жүзөгө ашырабыз. Себеби, ал бизге пайда алып келет деди. "Ал эми Грузия үчүн Москвага, ал эми Москва Тбилисиге учуу пайдалуу болсо, анда мунун да жаман жери жок. Бул мисал алардын эмнени каалап жатканын көрсөтүп турат", - деп белгиледи президент.

"Ошондуктан, тарыхыбыздын ушул орчундуу мезгилинде мындай боштукка жол бербегиле (сиздер, парламентарийлер, биринчи кезекте). Азыр дүйнөнүн күчтүүлөрү дүйнөнү кайра бөлүштүрүүгө аракет кылып жатышат, а биз бул көңүл борборундабыз. Биз кармашыбыз керек. Биз азыркы учурда бири-бирибизге жакын болушубуз керек. Кантип? Биздин саясаттын жолу менен. Биздин сунушубуз ушул. Биздин мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн башка альтернатива жок деп ойлойм", - деп ишеничин айтты Лукашенко.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12344