Кыргызстандын жарандыгын ким жана кантип ала алат?
RU

Кыргызстандын жарандыгын ким жана кантип ала алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Aвито" сайтындагы кыргыз паспортторун сатуу боюнча талкууга байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды аларга жарандык алууда жардам берип жаткан компаниялар тууралуу жарнактарга алданып калбоого жана өз алдынча кайрылууга чакырат.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиргендей, министрликтин алдындагы калкты каттоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу боюнча документтерди тариздөө функциясын аткарат.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын кантип алса болот?

Кыргызстандын жарандыгын 18 жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ала алышат.

Эгерде, алар акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, мыйзамдуу, үзгүлтүксүз жашаган болсо алар катталган жери боюнча аймактык бөлүмдөргө арыз менен кайрылышат. Эгерде алар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаса Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылышат.

Арыз берүүдө төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • электрондук түрдө толтурулган Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз;
  • инсандыгын ырастоочу документ (паспорт - чет өлкөлүк жарандар үчүн, жашап турууга уруксат - жарандыгы жок адамдар үчүн, качкын күбөлүгү - белгиленген тартипте качкын деп таанылган адам үчүн);
  • туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
  • эгерде арыз берүүчү никеде турса, анда нике күбөлүгү, ажырашкан учурда - ажырашуу жөнүндө күбөлүк;
  • автобиография;
  • 4х6 см өлчөмүндөгү сүрөт электрондук форматта;
  • акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын тастыктаган документ (виза, жашаган жери боюнча каттоо (мамлекеттик алым 110 сом), жашоого уруксат);
  • арыз ээсинин мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин тастыктаган "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген сертификат;
  • 1-январдан 31-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мезгилдеги кирешенин өлчөмүн жана мыйзамдуу жашоо булагынын бар экендигин тастыктаган документтер;
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана чет мамлекет тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • 2 миң сом өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү илим, техника, маданият, спорт тармагында жогорку жетишкендиктерге, Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларга ээ болгон учурда 3 жылга чейин кыскартылат.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү 1 жылга чейин кыскартылат, эгерде:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жана республиканын аймагында жашаган ата-энесинин бирөө болсо;
  • Кыргыз ССРинде туулган жана/же мурдагы СССРдин жарандыгы бар болсо.

Арыздарды кароонун мөөнөтү жалпы тартипте 120 күндү жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 60 күндү түзөт.

Жарандарды документтештирүү маселелери боюнча 119 Call-борбору иштейт (чалуу бардык уюлдук операторлордон акысыз).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12357