Садыр Жапаров: Тажикстан менен достук маанайда чек араны тактоого дилгирбиз
RU

Садыр Жапаров: Тажикстан менен достук маанайда чек араны тактоого дилгирбиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстан менен чек араны тактоодо достук маанайда кызматташууга дилгирбиз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Сиань шаарында өткөн "Борбор Азия - Кытай" саммитинде сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта тынчтыкты сүйүүчү саясатты карманып, чек араларды жөнгө салуу маселелерин чечүүдө конструктивдүү мамиле көрсөтүп келе жатканын айтты.

"Өзбекстан менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулуктун духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз", - деди президент Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12361