"Ош базарда" дары-дармекти мыйзамсыз саткан аял милициянын колун тиштеп салды. Видео
RU

"Ош базарда" дары-дармекти мыйзамсыз саткан аял милициянын колун тиштеп салды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ош базарында" дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу пункттары аныкталды. ИИМден билдиришкендей, 17-майда Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтын кызматкерлери "Допинг" аталышындагы ведомстволор аралык операция жүргүзүштү.

Текшерүү операциясын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлери менен биргеликте "Ош базарында" жана "Берекет Универсал" соода комплексинин аймагында тыюу салынган дары-дармектерге мыйзамсыз соода жүргүзүү фактысын текшерүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз дары-дармектерди жана тыюу салынган дары каражаттарын сатуу фактысы аныкталган.

Мындан тышкары дары-дармектерди сатуучулар милиция кызматкерлер каршылык көрсөтүп, соода түйүндөрүн жабууга аракет кылышкан. Коркутуп-үркүтүп, бир нече жолу уруп, ал эми сатуучулардын бири бир милиция кызматкеринин колун тиштеп алган. Натыйжада бир кызматкер жабыркап, Бишкек шаарынын медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынан медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Дары-дармектерди сатуучулардын арасындагы каршылык көрсөткөндүгүнүн себеби - жашы жете электерге жана баңгиликтен жапа чеккендерге күчтүү жана психотроптук дарыларды сатуунун издерин жашыруу экени аныкталды.

Бул факты Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлерине жана милиция кызматкерлерине кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда кол салуу каттоого алынды.

Ошондой эле коробкалар жана дары-дармектер, медициналык буюмдар салынган баштыктар аныкталып, акт түзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө кара желим баштыкты контейнердин артына жашырууга аракет кылган К.Ж. аттуу жаран аныкталган, кароо учурунда бул пакетте тыюу салынган заттар табылып, анда баңгизаттык опиоиддик анальгетиктер жана башка күчтүү таасир берүүчү каражаттар аныкталган. Тыюу салынган дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды өз алдынча саткан жарандарга кызматкерлер протокол түзүлүп, экөөсүнө айып пул салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12362