Айгүл Жапарова Кытайдын, Өзбекстандын биринчи айымдары менен Сиандагы театрга барды. Сүрөт
RU

Айгүл Жапарова Кытайдын, Өзбекстандын биринчи айымдары менен Сиандагы театрга барды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айым Айгүл Жапарова Кытайдын төрагасынын жубайы Пэн Лиюань жана Өзбекстандын президентинин жубайы Зироатхон Хошимова менен биргеликте Сиань шаарындагы "Ису" (Шэньси операсы) театрына барды. Бул туурасында Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жазды.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын биринчи айымдарына Кытайга мамлекеттик сапардын алкагында маданий программа уюштурулган.

Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү бар, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана кытай музыкалык аспаптарында ойноо.

Бул театр Сиянда эл эң көп барган таанымал маданий жайлардын бири.

Биринчи айымдар Айгүл Жапарова, Пэн Лиюань жана Зироатхон Хошимованын жолугушуусу жылуу жана достук маанайда өттү.

Жогорку даражалуу меймандар чоң кызыгуу менен театрдын экспозициясы менен таанышып, куурчак театрынын, ошондой эле балдар бий топторунун чыгармачылыгын көрүштү.

Ошол эле жерде Айгүл Жапарова Кытайдын жана Өзбекстандын биринчи айымдары менен биргеликте Цинь операсынын үзүндүсүн көрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12373