Кыргызстанга жасалма доллар алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
RU

Кыргызстанга жасалма доллар алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек ара аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик валютаны ташуу боюнча туруктуу канал аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Маалым болгондой, 17-майда Мамлекеттик бажы кызматынын ыкчам бажысы менен өз ара аракеттенип, "Ош" аэропортунун өткөрүү пунктунан Түркиядан келген эки чет элдик жаран - 1986-жылы туулган А.Ф.Ш., жана 1988-жылы туулган Н.Ш.Ш. кармалды. Жеке тинтүү учурунда 20 миң доллары өлчөмүндөгү жасалма чет элдик валюталар табылган.

Бул факты боюнча 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12381