Кыргыз-кытай чек арасында жаңы өткөрмө пункт ачылат
RU

Кыргыз-кытай чек арасында жаңы өткөрмө пункт ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында дагы бир өткөрмө жайын Бедел ашуусунда ачуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы тууралуу сөзүндө билдирди.

Кулубаевдин айтымында, кыргыз-кытай чек арасында көп жүк токтоп турганына байланыштуу эки тарап тең бул жаңы (үчүнчү) өткөрмө пунктун ачууга кызыктар болуп жатат.

"Алдыда Бедел ашуусунда өткөрүү жайын ачууну макулдаштык. Кытайдан Кыргызстанды карай өткөрүү пунктун жана жолду биргелешип курабыз. Бул эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана бекемдейт деп ишенебиз", - деди Кулубаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12385