Санитардык нормалар сакталбаган тогуз ишкердин бизнеси жабылды
RU

Санитардык нормалар сакталбаган тогуз ишкердин бизнеси жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда үч ай ичинде санитардык нормалар сакталбагандыктан 553 ишкердик объектке карата мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан билдиргендей, 2 млн 742 миң 500 сом айып салуу боюнча 572 токтом чыгарылып, тогуз объект жабылып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча 442 санитардык корутунду чыгарылган.

Белгилүү болгондой, ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого милдеттендирбейт.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамга ылайык пландуу текшерүүлөрдү жүргүзөт. Бардык пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөр Экономика жана соода министрлиги менен макулдашылган.

Пландуу текшерүүгө тийиш болгон бардык субъекттер тобокелдиктин үч деңгээлинин бирине ыйгарылышы мүмкүн:

  • жогорку кооптуу объекттер (текшерүү жылына бир же эки жолу жүргүзүлөт);
  • орточо тобокелдиктеги объекттер (текшерүү үч же төрт жылда бир жолу жүргүзүлөт);
  • тобокелдиги аз объекттер (текшерүүлөр беш жылда бир жолу жүргүзүлөт).

Жаңыдан түзүлгөн ишкердик субъекттерди текшерүү юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып үч жылдын ичинде жүргүзүлбөйт. Пландан тышкаркы текшерүүлөр арыз боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12393