Өлкөдө калктын жарымынан көбүн аялдар түзөт. Энелер күнүнө карата кызыктуу фактылар
RU

Өлкөдө калктын жарымынан көбүн аялдар түзөт. Энелер күнүнө карата кызыктуу фактылар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 3 миллион 357 миң аял бар. Бул 2023-жылдын 1-январына карата алынган сандар экенин Улуттук Статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Кыргызстан айымдары тууралуу кызыктуу фактылар:

  • аялдар калктын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгүн, тагыраагы, 50,6 пайызын түзөт;
  • Кыргызстанда биринчи баласын төрөгөн энелердин орточо курагы 23 жашта;
  • 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен үч бала туура келет;
  • шаарларда 1 миллион 286 миң аял жашаса(36 пайыз), айыл жергесинде 2 миллион 271 миң аял (дээрлик 64 пайызы) жашайт;
  • 2022-жылы өлкө боюнча 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял "эне" макамына ээ болгон;

Белгилей кетсек, май айынын үчүнчү жекшембисинде өлкө аймагында Энелер күнү белгиленет. Аталган майрам 2012-жылдан бери белгиленип келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12397