Баткен менен Раззаковго авиабилеттердин баасы кымбаттады. Себеби?
RU

Баткен менен Раззаковго авиабилеттердин баасы кымбаттады. Себеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен менен Раззаковго авиакаттамдарга болгон баа кымбаттады. "Тез жет" авиакомпаниясы бул багыт боюнча чыгымдар көп болгондугу бааны көтөрүүгө себеп болгонун түшүндүрдү. Бул туурасында Монополияны жөнгө салуу боюнча кызматы маалымдады.

Бул маселе мамлекеттик органдар менен үч авиакомпаниянын өкүлдөрү ортосунда талкууланып, Бишкек - Ош жана Бишкек - Жалал-Абад каттамынын баасы мурдагыдай эле калары белгилүү болду.

"Бишкек - Баткен, Бишкек - Раззаков багыты боюнча каттамдарды "Тез жет" авиакомпаниясы аткарат. Алар баанын көтөрүлүшүнүн себебин түшүндүрүп беришти. Бул каттамга чыгым көп кетип, өзүн жаппай жаткандыктан бааны көтөрүүгө туура келген", - деп айтылат маалыматта.

Баткенге билеттин баасы бүгүнкү күндө 4 миң 900дөн 6 миң сомго чейин. Мурун 4 250 сом болгон.

Ал эми мурда Раззаковго 4 500 сом болсо, азыр 5 500 дөн 6 000 сомго чейин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12399