Өзгөндө 8-9-класстын окуучулары мушташып, мугалимдери жаза алышты
RU

Өзгөндө 8-9-класстын окуучулары мушташып, мугалимдери жаза алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районуна караштуу Ж. Мойдунов атындагы №11 орто мектептин окуучулары мушташып, мындан улам бир нече мугалим тартиптик жаза алышты. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, окуучулар арасындагы пикир келишпестик 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон.

Конфликт видеого тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен. Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулган.

Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн А.Жакыповага "сөгүш", мектептин социалдык педагогу Г.Кулмаматовага, 8 "А" класстын класс жетекчиси Г.Умаралиевага, 8 "Б" класстын класс жетекчиси Р.Абдырахмановага, 9 "Б" класстын класс жетекчисине "эскертүү" берилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12405