Президенттик сарай кантип, ким тарабынан курулуп жатат? Парламент абдан тынчсызданууда
RU

Президенттик сарай кантип, ким тарабынан курулуп жатат? Парламент абдан тынчсызданууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шаардын түштүк тарабында былтыр жазында башталган президенттик сарайдын активдүү курулушу уланууда.

Эске салсак, "Ысык-Көл" мейманканасынын ордунда жаңы административдик имарат пайда болот, курулуштун башталышына президент Садыр Жапаров старт берген: 15-апрелде ал жалпы аянты 200 миң чарчы метр объектти курууга капсула салган.Объекттин баасы 35 млн долларды түзөт.

Буга чейин курулушка 120 адам тартылганы айтылган. Курулуш качан бүтөрү белгисиз.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Ак үйдүн жаңы имаратын эмне үчүн чет элдик жарандар, тагыраак айтканда индиялыктар куруп жатканына кызыккан.

@kgmeken_2022

150 индус кыргыз усталардын жумушун ала баштаптыр. 300 индуску чейин келет деп күтүлүп жатат. 60 миң сом айлык алып жатса азыр айлыктар түшө баштаптыр. Начальниктер айтып жатышат кааласаңар кете бергиле деп.

♬ оригинальный звук - Meken

Масалиев белгилегендей, бул маанилүү объект болгондуктан, жумушчуларды кабыл алууда коопсуздук жана укуктук маселелер да эске алынышы керек.

Объектти куруп жаткан президенттик аппараттын алдындагы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Мунарбек Асанов курулуш иштерин тездетүү үчүн чет элдик жарандар тартылган деп жооп берди.

Азыр "Манас айылы" комплексинин аймагында чатырлар турат. Ал чет элдик жумушчуларга арналган көрүнөт.

Масалиев ошондой эле миллиондон ашык кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштеп жатканын, учурда Кыргыз Республикасында жумуш бар экенин жана бул долбоор менен мамлекеттик компания алектенип жатканын эске салды.

"Бизди, депутаттарды деле резиденцияга киргизбей коюшат. Азыр алар дагы 10 жолу текшерип анан киргизишет. Ошондуктан мыйзамга, коопсуздукка көңүл бурушуңуздарды суранам", - деди Исхак Масалиев.

Курулуш иштерин күз айларында бүткөрүү пландалып жатканын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12431