Орозо календары - 2021. Ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысы
RU

Орозо календары - 2021. Ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орозо эртең, 13-апрелде башталат. Kaktus.media редакциясы окурмандары үчүн орозо кармоонун календарын даярдады.

Битир садаканын суммасын жана Кадыр түндүн так күнү орозо башталгандан кийин айтылат. Редакция бул тууралуу кошумча маалымат берет.

Орозо тутуу ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт.

Ошондой эле кошумча ибадаттарды аткарып, кайрымдуулук иштерин жасаганга далалат кылат.

Белгилей кетсек, ооз ачуу менен ооз бекитүү убактысы республиканын аймактарында борбор шаардан айырмаланат:

  • Нарын районунда 6 мүнөт эрте;
  • Каракол шаарында 10 мүнөт эрте;
  • Балыкчы шаарында 5 мүнөт эрте;
  • Ош облусунда 12 мүнөттөн кийин;
  • Чоң-Алайда 17 мүнөттөн кийин;
  • Жалал-Абад облусунд 15 мүнөттөн кийин;
  • Токтогулда 10 мүнөттөн кийин;
  • Баткен облусунда 25 мүнөттөн кийин;
  • Чаткалда 25 мүнөттөн кийин;
  • Талас облусунда 8 мүнөттөн кийин.

Орозоңуз кабыл болсун!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1244