Тамеки чегүү боюнча рейд: 39 миң сом айып салынды
RU

Тамеки чегүү боюнча рейд: 39 миң сом айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-майда Бишкекте Октябрь акимиаты, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Октябрь районунун аймагында "Тамеки тартуу" рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 10 мекеме текшерилип, мыйзам бузган жактарга айып пул салынды.

Айып пул салынган мекемелер тизмеси:

  • "Шахеразада" (Токомбаев көчөсү, 21а/4);
  • "Империя Пицца" ( № 8 кичирайону, 40);
  • "Социал Кофе" (Юнусалиев көчөсү, 40а);

Жогоруда аталган мекемелерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 84-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, юридикалык жактарга 13 000 сом, жалпысынан 39 000 миң сом айып салынды.

Башка мекемелерде мыйзам бузуулар аныкталган жок. Ошондой эле мыйзамды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12452