Кыргызстандын футбол курама командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт
RU

Кыргызстандын футбол курама командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыков маалымат жыйында кабарлады.

Медербек Сыдыков "Ак шумкарлардын" дүйнө чемпионатынын финалдык оюндарына өтүү мүмкүнчүлүгү эки эсе жогорулаганын айтты. Анткени, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын FIFA уюмундагы рейтинги жакшы болгону үчүн дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн оюнду тандоонун экинчи турунан баштайт.

"Алгачкы турда 22 команда ойнойт, анын 11и экинчи раундга өтөт. Экинчи раунддан оюунду 25 команда баштайт. Ошону менен, жалпы 36 команданын квалификациялык расмий оюндары ноябрда башталат. Октябрда биринчи тур башталат. Келерки жылы өтө турган үчүнчү раундда 18 команда болот. Соңунда биринчи жана экинчи орундарды ээлеген мыкты сегиз команда дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо алат", - деди Сыдыков.

Кыргызстандын курама командасы экинчи турда алты оюн өткөрмөкчү. Анын үчөө Кыргызстанда өтөт.

Белгилей кетсек, 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канаданын аймагында өтө турган дүйнө биринчилигиненин тандоо турунда 48 команда катышат. Азиядан жалпы сегиз мамлекет катышары айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12454