Депутат Жеңишбек Токторбаев дыйкандар үчүн жер салыгын көбөйтүүнү сунуштады
RU

Депутат Жеңишбек Токторбаев дыйкандар үчүн жер салыгын көбөйтүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев дыйкандар үчүн жер салыгын кайра карап чыгууну жана көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, 2008-жылы айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын негизги ставкалары 1998-жылы жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча киргизилген. Андан бери бир да жолу өзгөргөн эмес.

"Учурда буудай данынын базар баасы республика боюнча орточо эсеп менен центнерине 3000-3100 сомду түзөт. Баалардын жана айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарынын өзгөрүшүн эске алуу менен жер салыгынын ставкаларын кайра эсептөө зарылчылыгы келип чыкты", - деп жазылат документте.

Буга ылайык, "КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Ал кабыл алынса 2026-жылдын 1-январынан тартып дыйкандар үчүн жер салыгы өзгөрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12455