ИИМдин экс-жетекчиси Курсан Асанов СИЗОдон бошотулду
RU

ИИМдин экс-жетекчиси Курсан Асанов СИЗОдон бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-апрелде, Бишкек шаардык сот 2020-жылдын 9-октябрындагы иши боюнча Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карап чыкты.

Жактоочулар өзүнүн жакталуучусу Курсан Асановго жаза көрүү чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылышты. Адвокаттар өзүнүн өтүнүчүн Бишкектин Биринчи май соту Асановду негизсиз камакка алды, деп түшүндүрүштү.

Кеңешме бөлмөдөн чыккандан кийин Бишкек шаардык соттун соттук коллегиясы Курсан Асановду үй камагына чыгарды.

Белгилей кетсек, өткөн жылдагы 9-октябрь учурундагы баш аламандыктар фактысы боюнча бир катар саясатчыларга кылмыш иштери козголгон. Айыпталуучулар мурунку президент Алмазбек Атамбаев, экс-аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, ИИМдин башчысынын мурунку орун басары Курсан Асанов, УКМКнын Тогузунчу кызматынын кызматкери Канат Сагымбаев, активист Темирлан Султанбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1245