Кыргызстан менен Евробиримдик жаңы келишимге кол коюшту
RU

Кыргызстан менен Евробиримдик жаңы келишимге кол коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономика министри Данияр Амангелдиев менен Евробиримдиктин Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч океан боюнча директору Петерис Устубс Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика программасын каржылоонун алкагында макулдашууга кол коюшту.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, делегаттардын ортосундагы каржылык макулдашууга кол коюу аземи программанын донор-өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү: Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч океан аймагынан – Петерис Устубс, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси – Мэрилин Йосефсон, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси – Габриэла Геллил жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси – Оливье Бангертер, ошондой эле ЕБнин башка расмий өкүлдөрү.

Катышуучуларды Экономика министрлигинин атынан жана жеке өзүнүн атынан куттуктап жатып, министр Амангелдиев чет элдик өнөктөштөрдүн бардык мүчөлөрүнө, кесиптештерине көп эмгекти жана убакытты талап кылган документти биргелешип иштеп чыгуудагы эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Европа Биримдиги, Германия Федеративдүү Республикасы жана Швейцария Конфедерациясы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга тынымсыз колдоо көрсөтүп, акыркы 30 жылдан бери негизги ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири болуп келгени белгиленет.

Министр ошондой эле 1990-жылдардын орто ченинде тиешелүү келишимдердин негизинде башталган мамилелер кызматташтыктын үч түркүгүн: саясий диалог, экономикалык карым-катнаштарды жана каржы, илим, технология, маданият жана социалдык маселелер сыяктуу тармактарда кызматташууну аныктаганын эске салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12461