24.kg: Садыр Жапаров активисттер менен жашыруун жыйын өткөрдү
RU

24.kg: Садыр Жапаров активисттер менен жашыруун жыйын өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-майда Садыр Жапаров активисттер менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, жолугушуу тууралуу маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев менен басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тастыкташты.

Бирок экөө тең жолүгушуунун темасы, катышуучулардын саны жана аты-жөндөрү тууралуу кененирээк маалымат берүүдөн баш тартышты. Жолугушуу тууралуу анонс жарыяланбай, аны чагылдырууга массалык маалымат каражаттары чакырылган эмес. Жыйынтыгында беш сааттан ашык убакытта өткөн иш-чарадан пресс-релиз жарыяланган жок.

24.kg сайтынын журналисттеринин катышуучулардын тизмесин берүүсүн суранганына, басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: "Бул жөнөкөй жарандар менен болгон жумушчу жолугушуу", - деп жооп берген.

Президенттин басма сөз кызматы, адатта, мамлекет башчынын бардык жолугушуулары тууралуу сүрөттөрдү, видеолорду жана маалыматтарды жарыялайт. А бул жолушуу эмне үчүн жашыруун болуп жатканы түшүнүксүз.

24.kg өз булактарына таянып, жыйынга айрым журналисттер жана блогерлер катышканын маалымдады. Анда Садыр Жапаров жакшы нерселерди көбүрөөк жазгыла деп суранганы айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12464