Министрлик көлчүктүн суусун тазалаган окуучулар өз ыктыяры менен жардам беришкен дейт
RU

Министрлик көлчүктүн суусун тазалаган окуучулар өз ыктыяры менен жардам беришкен дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга Чүйдөгү мектептердин биринде көлчүктөгү сууну стакан менен сузуп отурган окуучулардын видеосу тарап, ата-энелердин нааразычылыгын жаратты. Видеодогу көрүнүштү Билим берүү жана илим министрлиги териштирип чыгып, окуя тууралуу расмий маалымат берди.

Такталгандай, окуя Ысык-Ата районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 Ивановка жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясында болгон. Анда жамгыр нөшөрлөп жааган сайын суу мектептин короосунда топтолуп калат. Себеби атайын суу агып кетүүчү арыкчалар жок.

"22-майда катуу жааган жамгырдан кийин суу мектептин алдында топтолуп, балдардын мектепке кирүүсүнө тоскоолдук туудурган. Балдар мектепке кире албай сууну кечип өтүүгө аргасыз болушкан. Мектепте бир короо шыпыруучу, чарба иштери боюнча директордун орун басары жана бир техничка иштейт. Алар короодогу сууну ташып баштаган. Бирок тез арада сууну тазалоо мүмкүн эмес эле. Мектептин тарбия иштери боюнча орун басарлары А.Ж.Жусупова жана Н.А.Майбилекова 10-класстын окуучуларынан сууну ташууга жардам берүүлөрүн суранышканда балдар өз ыктыярлары менен макул болушкан. Окуучулар бул көрүнүштү байкап, өз жардамдарын сунуштагылары келгенин да билдиришкен. Анткени, бул балдардын көпчүлүгү мектеп парламентинин мүчөлөрү, алар дайыма мектептин иштерине жардам берип келишкен", - дешет министрликтен.

Мектептин короосу 1982-жылы бетон блоктор менен төшөлгөн, суу чыгып кетүүчү арыкчалар жасалган эмес. Азыркы учурда бул жер оңдоп-түзөөгө муктаж. Эки жыл мурда айыл өкмөтүнө мектептин алдына брусчатка төшөө боюнча долбоор жазылып, бирок долбоор өткөн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12474