Баткен жана Согди облусунун башчылары чек арада жолугушуу өткөрдү
RU

Баткен жана Согди облусунун башчылары чек арада жолугушуу өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилер жолугушуп, чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провакациялык маалыматтарга жол бербөөнү сүйлөшүлдү.

  • Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.
  • Аны менен катар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө сүйлөшүлдү.

Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12479