Баткен, Ысык-көл, Нарын облустарындагы ЖОЖдо медициналык факультет ачылат
RU

Баткен, Ысык-көл, Нарын облустарындагы ЖОЖдо медициналык факультет ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен, Ысык-көл, Нарын облустарындагы жогорку окуу жайларда медициналык факультет ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин 24-майындагы жыйында билдирди.

"Нарын мамлекеттик университетинде бир факультет түзүлөт. Анткени Ак-Талаа районунда эле 24 дарыгер жетишпейт. Кийинкилерин Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттеринде ачууну пландап жатабыз. Эки айдын ичинде клиникаларын, окуу программасын, мугалимдерди даярдап 1-сентябрда 200-300 студентке чейин кабыл алышы керек", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12488