Дастан Бекешев: Сауна аркылуу илимдин доктору болуп жатышат
RU

Дастан Бекешев: Сауна аркылуу илимдин доктору болуп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев илимдин докторлорунун билим деңгээлине таң калууда. Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында ал өлкөдө канча илимдин доктору бар экенине кызыкты.

Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасында 1179 илимдин доктору жана 5323 кандидаты бар экенин билдирди.

Бекешев илимдин докторлорунун көбү жасалма, талапка ылайык келбеген, формалдуу экенин айтты.

"Кээде ушундай болбогон сөздөрдү айтышат, таң каласың, кантип докторлук даражасын алды деп ойлойсуң. Ооба, мен билем алар кантип алганын, силер деле билесиңер да. Диссертациялар абдан бат жазылат. Орусчадан кыргызчага жөн эле которулган, антиплагиат жок. Мен муну жакшы билем. Кээ бирлери ар кандай амалдарды колдонушат, көчүрүшөт. Илим, айрыкча гуманитардык илимдер жасалмага айланды. Табигый илимдер жөнүндө айта албайм. Ал жерде кандай ачылыштар болуп жатканын билбейм, бирок мен бир грамм юридикалык билими жок юридика илимдеринин кандидаттарын билем. Бул мени таң калтырат.

Силердин алдыңарда мен билимсизмин. Мен атайылап диссертациямды коргоого барбай койдум, анткени бул мага эмне үчүн керек экенин түшүндүм: кийин мен илимдин кандидатымын деп мактаныш үчүн. Ачылыш жасабай эле диссертация алам деп саунага керектүү кишилерди алып барышат экен. Мындай сүйлөшүүлөр болгон. "Ошол жакка алып баруу, алар үчүн акча төлөш керек".

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев Кыргызстандагы илимдин кандидаттары менен докторлорунун саны боюнча 51-орунда, бирок иш жүзүндө өлкөнүн деңгээли 121-орунда экенин айтты. "Эң негизги көйгөй – бул плагиат", - деп моюнга алды ал.

Бекешевдин пикирине депутат Эльвира Сурабалдиева кошулду. Сурабалдиеванын айтымында, кандидаттыкты баалоочуларды саунага алып барышат деген маалыматтар бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12489