Айзада Канатбекованын өлүмү. Кызды ала качууга шектелгендер СИЗОго жеткирилди
RU

Айзада Канатбекованын өлүмү. Кызды ала качууга шектелгендер СИЗОго жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айзада Канатбекованы ала качууга шектелгендерди СИЗОго жеткиришти. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Бишкек ШИИББсинин басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Джумаков билдирди.

Ал берген маалыматка ылайык, Свердлов райондук сот камакка алынган төрт шектелүүчүгө тең 7-июнга чейин СИЗО - 1ге камакка алуу жаза чарасын чыгарды.

  • 5-апрелде 07:30, 26-жашар Айзада Канатбекованы Бишкектен, Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдашкан. Ала качуу учуру видеого тартылып калган. Болжол менен ала качууга үч адам катышкан.
  • 5-апрелде, саат 12:00ден кийин Айзаданын апасы милицияга кайрылган.
  • 6-апрелде Айзаданын туугандары ММКларга кайрылып жардам сурашкан.
  • 7-апрелде малчы изделип жаткан Айзаданы жана Замрдин сөөктөрүн талаада, ылайга тыгылып калган унаанын ичинен тапкан.
  • 8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында Айзданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1248