Анжелика Нурайым Акылбековага продюсер болду
RU

Анжелика Нурайым Акылбековага продюсер болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаш болсо да өзгөчө үнү менен таанылып, шоу-бизнестен ордун тапкан Нурайым Акылбековага ырчы Анжелика продюсер болду. Бул туурасында Анжелика социалдык тармактагы баракчасына жазып, жакынкы пландары менен бөлүштү.

"Шоу бизнестин жолу өтө татаал. Кызымдай көргөн Нурайым Акылбекованы социалдык тармактагы комментарийлерде колдогону, тилдегени бирдей болууда. Кызыбыз эмнеден жаңылышты?

Продюсери бар бала менен - тажрыйбалуу продюсери жок кыз дуэт ырдап башташкан. Албетте, атактуулуктун эки бети болот. Бирөөсү реалдуу жашоо, экинчиси жасалма жашоо.

Мен бала кезден сахнада жургөндүктөн шоу бизнестин үтүр, точкасына чейин билем.

Нурайымдын апасынын суранычы менен продюсер болууга бүгүн макулдугум бердим. Эми мыкты композиторлор, акындар, стилисттер, менеджерлер, жарнама агенттиктер Нурайымдын жеке концертинде команда болуп иштеп башташат.

Мен чындыкты уккан үчүн Нурайымды колдойм. Сиздер дагы колдоп бериңиздер! Көп дуэттер болот! Келечеги кең ырчы дүйнө элин кыдырат! Убакыт тараза", - деп жазды.

Белгилесек, Нурайым Акылбекова казакстандык Биржан Байбол аттуу ырчы менен дуэт аткарып иштешип башташкан. Бирок алардын кызматташуусу көпкө узабай токтоп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12494